Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгын талкуулайт


Былтыр өлкөдө 84,4 миң гектар жерге картөшкө айдалган.
Былтыр өлкөдө 84,4 миң гектар жерге картөшкө айдалган.

Депутаттардын алдына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, айыл суу чарба министри Нурбек Мурашев, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка тиешелүү жетекчилер келип, жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун билдирди:

- Өкмөт мүчөлөрү жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу: үрөн, жер семирткич, күйүүчү май маселелеринен тартып, дыйкандарга каралган жеңилдетилген насыяларга чейин маалымат беришет. Жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маселелер буга чейин парламенттин комитеттеринде да көтөрүлүп келген.

Парламент депутаттары быйыл айыл чарба азыктарынын арзандыгынан дыйкандардын мээнети күйүп кеткени үчүн өкмөттү айыптап жатышат. Алар рыноктун баасынын алдын алуу, айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо жетишсиз болуп жатканы үчүн айыл чарба министринин ишин кароону талап кылышкан учурлар бар.

Экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын маалыматы боюнча, быйыл дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкөсүн сата албай калды. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кампада 200 миң тонна эмес, 50 миң тонна гана картөшкө бар экенин белгилөөдө. Ошондой эле алты миң тоннадай алма сатылбай турат.

Былтыр өлкөдө 84,4 миң гектар жерге картөшкө айдалган. Жалпысынан 1,5 миллион тонна түшүм жыйналган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG