Кытайдын жаңы мамлекеттик бюджети парламенттин 5-мартта расмий түрдө ачылган жылдык жыйынынын алдында жарыяланды. Ага ылайык, расмий Бээжин быйыл Куралдуу күчтөрүнө 177 миллиард доллар бөлөт. Бул каражат армиянын былтыркы бюджетинен 7,5% көп. Бээжин мындай заманбап армия «башка өлкөлөргө коркунуч жаратпайт» деп ишендирүүгө аракет кылып келет.
- Кытай ар дайым тынч өнүгүүнүн жолун чаап, коргонууну гана көздөгөн саясат жүргүзөт. Кытайдын коргонууга сарптаган чектелүү каражаты коопсуздукту, эгемендик менен аймактык бүтүндүктү сактоону гана максат кылат. Биз башка өлкөлөрдү коркутпайбыз. Кайсы бир өлкө башка мамлекеттерге аскердик жактан коркунуч жаратаары анын армиясына канча акча сарптаганына эмес, тышкы жана аскердик саясатына жараша болот, - деп билдирди 4-мартта Кытай парламентинин басма сөз өкүлү Чжан Есуй.
Эл аралык эксперттер жана айрым өлкөлөрдүн дипломаттары бул расмий Бээжин ачык көрсөткөн гана маалымат экенин, иш жүзүндө Кытай өз армиясына алда канча көп каражат бөлүшү мүмкүн экенин айтып жүрүшөт. Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институту (SIRPI) 2017-жылы эле Кытай куралдуу күчтөрүнө 228 миллиард доллар сарптаганын жоромолдогон.
Кытай дүйнөдө армиясына миллиарддаган доллар бөлгөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат.
Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIRPI) маалыматы боюнча, 2017-жылы дүйнөдө куралдуу күчтөргө 1 триллион 739 миллиард доллар чыгымдалган. Мынча каражаттын 35% Кошмо Штаттарга, 13% Кытайга, 4% Сауд Арабиясына жана 3,8% Орусияга туура келет.
Калкынын саны 1,4 миллиардга чукулдаган Кытай дүйнөдө аскерлеринин саны боюнча биринчи орунда турат.