Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Гүлнара Каримова түрмөгө кайтарылды


Үй камагындагы Гүлнара Каримова.
Үй камагындагы Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова 5-март күнү түрмөгө кайтарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маалымат берди.

Гүлнара Каримова 2017-жылы 18-декабрда Ташкент облустук сотунун чечими менен 10 жылга камалган. Бирок гуманитардык жоболордун негизинде жана мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүүнү өз мойнуна алгандыгы үчүн 2018-жылы 1-июлдагы сот чечими менен анын жазасы беш жылга түшүрүлүп, үй камагына чыгарылган. Каримова кызы Иман Каримованын үйүндө эч жакка чыкпай, жаза өтөмөк.

Бирок прокуратуранын жүйөсүндө Каримова сот белгилеген чектөөлөрдү дайыма бузуп, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы айтылат. Мисалы, үй камагынан чыгып кеткен, Интернет жана телефон пайдаланган, мамлекетке келтирилген зыянды төлөгөн эмес. Ушундан улам 5-мартта Дашнабад райондук соту Каримованын өтөлө элек жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөйт деп чечим чыгарды.

Прокуратуранын бул маалыматына чейин Каримованын кызы Иман «Инстаграмда» прокуратура кызматкерлери апасын белгисиз жакка алып кеткенин жазган.

XS
SM
MD
LG