Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

Ошто Ак калпак майрамына катышкан жаштар Сулайман тоону тазалашты

Жаштар Сулайман тоону тазалоого чогулушту. 5-март, 2019-жыл.
Жаштар Сулайман тоону тазалоого чогулушту. 5-март, 2019-жыл.

Ак калпакчан жаштар жөө жүрүш менен Сулайман тоого барып, музейдин айланасын таштандыдан жана чөп-чардан тазалашты.

Ага улай «Алымбек Датка» этнографиялык комплексинде «Ак калпакчандардын флешмобу» уюштурулуп, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өттү. «Кыргызстан» кинотеатрында облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жана Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн аскерлери сынакка катышты.

Ак калпак күнүн белгилөө боюнча демилге 2011-жылы көтөрүлгөн. 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. (MdN)

XS
SM
MD
LG