Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Адвокат: «Көрүстөндөгү коррупция» боюнча тергөө чабал жүрүп жатат


Уланбек Эгизбаевге келген актай кат.

«Азаттыктын» иликтөөчү кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнөн кийин козголгон кылмыш иштерин иликтөө чабал жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев билдирди:

- Финполиция буга чейин иликтөөсүн бүтүрүп туруп, кандайдыр бир чечимге келсе, анда натыйжа болмок. Ал эми булар же ары, же бери болушпайт. Ишти «кожо көзүнө» козгоп жатышпайбы.

Ишти караган Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьялары Чынара Ибраева жана Салтанат Сулайманова буга чейин иликтөөдө кабырлардын сатылып жатканы тууралуу интервью берген Максат Баялиев Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге 10 миң сомдон төлөп бериши керек деген чечим чыгарган. Ал эми «Азаттык» доогерлердин аты аталган фактыларды төгүндөп берүүгө милдеттендирилген.

Иликтөөнүн жүрүшү тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) маалымат бербей келет. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары коррупцияны ачык айтып чыккан адамга айыппул салууну кескин сынга алган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG