Кыргызстандын аймагында картөшкөнүн баасы 5,5 сомдон төмөн түшкөн жок. Ысык-Көл менен Кочкордо 5,5-7 сом болсо, түштүктө 12 сом болуп турат. Бул тууралуу жазгы талаа иштерин караган парламенттин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл аймагында сатыла элек 59 миң тонна гана картөшкө калды.
- «Картөшкө чирип, сата албай жатабыз» деп айтып жатышат. Бирок ошондой факты менен акимдерден «ушунча картөшкө чирип калып төктүк» деген маалымат ала албай жатабыз. 9-январдан 10-февралга чейин 82 миң тонна картөшкө экспортко чыгып кетти.
Боронов Азербайжандан да алуучулар келип жатканын, Өзбекстанда ассоциация менен келишим түзүлгөнүн, Казактандын айыл чарба өндүрүмүнө киргизген чектөөсүнө байланыштуу маселе кийинки жумаларда чечилип каларын кошумчалады.
Казакстан «карантинге алынган курттар чыгып жатат» деп Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө 19-февралда убактылуу тыюу салган.
Былтыр өлкөдө 84,4 миң гектар жерге картөшкө айдалган. Жалпысынан 1,5 миллион тонна түшүм жыйналган.
Дыйкандар баа арзан болуп, мээнети кайтпай калганын айтып жатышат. «Кыргыз ленд» экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын жетекчиси Линара Ниязбекова «Азаттыкка» Кыргызстан боюнча 100 миң тоннадан ашуун картөшкө сатылбай турганын билдирди. (КЕ)