Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында каракчылар автоунаада келе жаткан жубайлардын 310 миң доллар акчасын тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
6-мартта эки белгисиз киши «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа менен келип, «Тойота-Хайлендер» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп токтогон. «Субаруда» отурган эки каракчы «Тойотанын» жүргүнчүлөрүнө курал такап, алардын жанындагы 310 миң долларын тоноп кеткен.
«Тойотанын» жүргүнчүлөрү 53 жаштагы киши жана анын 57 жаштагы жубайы экени аныкталды.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») боюнча тергөөгө алынган.
Учурда каракчыларды издөөгө Чүй облусунун бардык жеке курамы тартылды. Жабыр тарткандар ооруканага ар кандай жарааттары менен жеткирилген. (KR)