Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соту 13-мартка жылды


Айыпталып жаткан Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Айыпталып жаткан Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Ленин райондук сотунда каралып баштаган Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо 13-мартка жылдырылды. Ага адвокаттардын айрымдары келбей калганы себеп болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди:

- Үч адвокат жок болду. Андан сырткары сот ишти кароого даяр эмес экенин адвокаттар билдиришти.

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иштери бириктирилип карала баштаган. Жалпысынан эки мэрдин ишине байланыштуу дагы 15 кишиге айып коюлган.

Соттук отурумга журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары киргизилбей, видео жана сүрөт тартууга да тыюу салынды.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлук үчүн айыпталган. Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG