Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Ошурахунова: КТРК эми мурунку саясатын токтотушу керек


Динара Ошурахунова.

Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) жаңы жетекчиликтин келиши менен бийликтин арыгын чапкан мурдагы иштөө саясаты токтотулушу керек. КТРКга жаңы директор шайланган соң жарандык активист, Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттарды караган комиссиянын мүчөсү Динара Ошурахунова «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди:

- Мен Жайнак Үсөн уулун жакшы билбейм. Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу шайланат деп ишенип жаткам. Кандай иштей турганын алдыда көрөбүз. Ийгилик каалайм. Бирок КТРК өзгөрүшү керек. Коомдук канал деген бийликтин эмес, элдин ишенимин актаган, коомдун талабына жараша болушу керек.

6-мартта КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алды.

КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин жетекчиси Жыпар Жекшеев айтты. Анткени КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Ага чейин Карыпбеков жаңы шайланган жетекчиге документтерди өткөрүп берет.

1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн эле. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG