Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Токтонасыров: КТРКга татыксыз башчы тандалды


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) башчы тандоонун жыйынтыгына канааттанбай турганын билдирди. Бул пикирин ал жаңы шайланган директор Жайнак Үсөн уулунун «журналисттик мыкты эмгектери жок» деген ой менен негиздеди:

- «Директорлукка Жайнак Үсөн уулу келет экен» деген имиш кептер буга чейин эле тараган болчу. «Макулдашуу жолу менен келет» деп айтышкан. Демек бул туура экен да. Мен Жайнак Үсөн уулун мыскылдап, сындагым келбейт. Бирок менин жашым алтымышка чыкса да, анын журналисттик материалдарын көргөн эмесмин. Анан кантип КТРКны жетектейт? «Күчтүү менежер» деп жатышат, бирок нагыз журналисттик эмгегин көрбөдүм.

Токтонасыров бул кызматка Адил Турдукулов татыктуу талапкер болгонун кошумчалады.

6-мартта КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алды.

КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Жаңы жетекчи ошондо ишке киришет.

1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалга өткөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG