Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Кызыл-Ордодо көп балалуу эне бийликтин кысымында калганын айтты


Актөбөдө аткаминерлер менен жолугушууга келген көп балалуу аялдар. 11-февраль, 2019-жыл.
Актөбөдө аткаминерлер менен жолугушууга келген көп балалуу аялдар. 11-февраль, 2019-жыл.

Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын тургуну көп балалуу энелердин нааразылык акциясына чыккандан кийин басмырлоого кабылып, полициядан таяк жегенин айтып жатат. Меруерт Айтимованын сөзүнө караганда, ал акимге баратканда полиция жолдон күч менен кармап кетип, ал жактан аскер кийимчен аял аны эки жолу жаакка чапкан.

Андан социалдык тармактардагы «Кызыл-Ордонун энелери» деген кат алышкан каналды жок кылууну, тынч отурууну жана өкмөт менен ойнобонуу талап кылышкан. Ал полиция бөлүмүндө беш саат отургандан кийин жолдошу жана туугандары алып кетишкен.

Облустун полиция башчысы бул маалымат төгүнгө чыгарып, акимчилик текшерүү жүргүзөрүнө убада берди.

Казакстандын ар кайсы аймактарында көп балалуу энелердин нааразылык акциялары уланып жатканына бир нече жума болду. Алар турак жай маселесин чечип берүүнү, жөлөкпулду көбөйтүүнү талап кылып жатышат.  6-мартта Актөбө шаарындагы энелер облус акимчилигинде топтолушуп, ушундай эле талаптарды коюшту.

 

XS
SM
MD
LG