Жогору Кеңештин эркин депутаты, мурдагы журналист Жанарбек Акаев КТРКнын жетекчилигине эки негизги фаворит болуп келгендердин бири Ибраим Нуракун уулунун бир да добуш ала албай калгандыгы күтүүсүз болгонун «Азаттыкка» билдирди:
- Мен өзүм деле Жайнак Үсөн уулу менен Ибраим Нуракун уулунун бирөө тандалат деп күтүп жаткам. Жайнак Үсөн уулун чабал менежер деп айта албайм. Ал менежер катары телеканалды каржылык жактан ирдентип, жаңы долбоорлорду алып келет деп ишенем. Анткени ал мамлекеттин колдоосу таптакыр жок НТС телеканалын мамлекеттен жарым миллиард сом акча алып иштетип жаткан телеканалдарга теңеп иштетип жаткан киши да. Жайнак Үсөн уулу жетекчи катары менежментти дагы жакшыртышы мүмкүн, бирок КТРКнын табиятын өзгөртүп, калыс телеканал кылуу үчүн саясий эрк керек. Ошон үчүн мен жетекчи алмашканы менен КТРКнын бийликчил саясаты өзгөрөт дегенден күмөнүм бар.
Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешиндеги 15 кишинин 13ү Жайнак Үсөн уулуна добуш берип, жетекчи шайлады.
Буга чейин коомулукта бул кызматка ат салышкандардын арасынан фаворит катары НТС телеканалын жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу жана Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу айтылып келген. (KR)