Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Пхеньян курал сыноочу жайын оңдой баштаганы кабарланды


«Tongchang-ri» курал сыноочу жайы. 8-август, 2012-жыл.
«Tongchang-ri» курал сыноочу жайы. 8-август, 2012-жыл.

Жаңы жарыяланган маалыматка караганда, Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын жарым-жартылай калыбына келтире баштады. Былтыр АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын биринчи жолугушуусунан кийин бул жай бузула баштаган.

5-мартта Сеулдун «Yonhap» кабарлар агенттиги Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын маалыматына таянып, «Tongchang-ri» полигонунда иш жүрө баштаганын кабарлады. Маалыматка караганда, ал жердеги комплекстин чатыры жана эшиктери оңдолуп жатат.

АКШдагы эки иликтөө борбору да жандоочтон тартылган сүрөттөрдү көрсөтүп, иш жүрүп жатканын ырастады.

28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдагы жолугушуусу эч кандай макулдашуусуз жана күтүлгөндөн эрте аяктады.

Былтыр 12-июнда Сингапурда Трамп менен Ким кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген.

XS
SM
MD
LG