Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Ханой саммити макулдашуусу жок аяктады


28-февраль, 2019-жыл.
28-февраль, 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору Ханойдогу жолугушуусу 28-февралда эч кандай макулдашуусуз жана күтүлгөндөн эрте аяктады.

Бул тууралуу алгач Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс маалымдады.

Кабарды Вьетнамдагы маалымат жыйынында президент Дональд Трамп өзү ырастап, “Ким Чен Ын көп аймакта өзөктүк куралсыздандыруу иштерин жасоого даяр, бирок биз бул иштер башка аймактарда да жасалышын каалайбыз” деди.

- Алар бардык санкциялардын алынышын каалашты, бирок биз муну кыла алган жокпуз. Алар чоң аймакта өзөктүк куралсыздандыруу иштерин жасоого даяр экенин билдиришти. Бирок биз бардык санкцияларды алууга даяр эмеспиз. Биз иштөөнү дагы улантабыз, эмне болорун көрөбүз. Бирок биз бул сунуштан баш тартууга мажбур болдук. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдөн кеттик.

Дональд Трамп жыйындан кийин. 28-февраль, 2019-жыл.
Дональд Трамп жыйындан кийин. 28-февраль, 2019-жыл.

​27-февралда башталган АКШ президенти менен Ким Чен Ындын экинчи саммити Ханойдо Сингапурда былтыр жайында болгон биринчи саммиттен сегиз ай өткөндөн кийин болду. Жолугушуу башталган учурда тараптар анын өтүшү боюнча оптимисттик пикирлерин билдиришкен.

- Биздин жолугушуубузга скептикалык көз караш менен карагандар бар. Бирок алар биз кандай сонун жолугушуу өткөрүп жатканыбызды көрүп койсо, фантастикалык фильмди көргөндөй болот, - деди Ким Чен Ын.

Экинчи саммиттеги сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганына карабастан, АКШ президенти Дональд Трамп да Ким Чен Ын өзөктүк сыноолорду өткөрбөөнү жана баллистикалык ракеталарды учурбоону убада кылганын билдирди.

2017-жылдагы Пхеньяндын ракета сыноолорунан, АКШнын ага каршы санкциялардан жана “риторикалар согушунан” бери Трамп менен Ким эки ирет жолукса, ал эми эки Кореянын лидерлери үч ирет саммит өткөрүштү.

Түндүк Корея менен АКШнын желеги. Вьетнам. 28-февраль, 2019-жыл.
Түндүк Корея менен АКШнын желеги. Вьетнам. 28-февраль, 2019-жыл.

Былтыр 12-июнда Сингапурда Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген. Бирок андан кийин бул иштерди аткаруу жайлап калды.

АКШ БУУнун көп тараптуу жана өзүнүн бир тараптуу экономикалык санкциялары Пхеньян өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганы текшерүү аркылуу аныкталганда гана жоюлушу керек деп эсептейт.

Былтыр 27-июлда Пхеньян 65 жыл мурда токтогон Корей согушу учурунда Түндүк Кореяда өлгөн америкалык айрым жоокерлердин сөөгүн Вашингтонго кайтарып берген. Президент Трамп сөзүнө турганы үчүн Ким Чен Ынга ыраазылык билдирип, алдыда аткарыла турган башка убадалар бар экенин айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG