Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Түндүк Корея америкалык жоокерлердин сөөгүн берди


Түндүк Кореяда өлгөн 55 жоокердин сөөк калдыктары Кошмо Штаттарына берилди.
Түндүк Кореяда өлгөн 55 жоокердин сөөк калдыктары Кошмо Штаттарына берилди.

Корей согушунун аяктаганына 65 жыл толду. Даталуу күндө Түндүк Кореяда өлгөн америкалык айрым жоокерлердин сөөгүнүн калдыктары кайтарылып берилди.

Бул АКШ үчүн жупуну дипломатиялык жетишкендик катары саналууда. Бирок Пхеньян өзөктүк материал чыгарууну токтото элек.

65 жыл мурда эки Корея үч жылдык согушту токтотуп, ок атышпоону макулдашкан. Бирок расмий тынчтык келишими болбогондуктан, техникалык жактан эки өлкө дале согуш бүтпөгөн абалда делет.

27-июль, өзгөчө Түндүк Кореяда даңаза менен белгиленип келет. Лидери Ким Чен Ын курман болгондордун эстелигине гүл коюп, таазим этти. Андан соң согуштан аман калгандар кайра ага ызаат көрсөтүп, бир ыргакта, узакка кол чаап турушту.

Пхеньяндагы майрам. 27-июль, 2018-жыл
Пхеньяндагы майрам. 27-июль, 2018-жыл

Түндүк Корея бул күндү АКШ жана ал колдогон Түштүк Корея жеңилген күн деп белгилейт.

1950-53-жылдардагы Корей согушун көбүнесе бир тараптан АКШ жана анын тилектештери, экинчи тараптан СССР жана Кытай күчтөрүнүн тиреши катары да карашат.

Корей согушунда жети миңден ашуун америкалык аскер дайынсыз жоголгон.

Пентагондун маалыматы боюнча, буга чейин Түндүк Корея бийлиги 200гө жакын америкалык аскердин сөөгү табылганын билдирген.

Улуттар Уюмунун желеги жабылган, америкалык жоокерлердин сөөгүнүн калдыктары салынган 55 куту жума күнү Түштүк Кореяга алынып келинди. Андан ары мекенине жөнөтүлүшү керек. Тиешелүү макулдашууга июндагы АКШ-Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусунда жетишкен. Бул Дональд Трампка аброй алып келчү окуя.

Бирок андагы жолугушуунун башкы темасы - өзөктүк куралдан арылуу макулдашуусу боюнча Пхеньян алдыга кадам таштаганынын белгиси байкала элек.

Бейшембиде Сенат комитетиндеги талкууда “Түндүк Корея өзөктүк курал жасоочу затты өндүрүүнү улантып жатканы аныкпы?” деген суроо кабыргасынан коюлду. Мамлекеттик катчы Майк Помпео айрым бир сырларды ачып албайын деп абайлап жооп узатты:

- Сенатор, мен туура тарапта калууга аракеттенип жатам. Ооба, бул анык. Жашыруун маалыматтарды жарыялап жибербейин деп сактанып жатам. Жалтактайын деген ой жок. Ооба, алар өзөктүк материал чыгарууну улантууда.

Майк Помпео
Майк Помпео

Ошол эле маалда Майк Помпео "сабырдуу дипломатия" аркылуу айрым жылыштар жасалып жатканын, бирок бул процесстин узарып кетишине жол берилбесин айтты.

Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деген эле. Бирок, өткөн аптада денуклеаризация маселесиндеги сүйлөшүүлөрдө шашылыш кадамдар ташталбасын, бул процесс убакыт менен чектелбестигин айтып чыкты.

Өзөктүк бомбасы менен баллистикалык ракетасын Түндүк Корея эгемендигинин кепилдиги катары эсептээрин билдирип жүрөт.

Пхеньян куралын байма-бай сыноо менен, ириде коңшулары Түштүк Корея жана Жапонияга, ыраактагы АКШга сес көрсөтүп келди. Үстү-үстүнө санкциялар салынып, өнөктөшү Кытай да кысым көрсөтө баштаганда январдан тарта ыкка көнүп, сүйлөшүүлөрдү баштаган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG