Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Мишел Бачелет Шинжаңдагы кырдаалды барып көрүүгө аракеттенет


БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет. 6-март, 2019-жыл.
БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет. 6-март, 2019-жыл.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет Кытайдын Шинжаң аймагында кармалгандар жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтарды текшерүү боюнча Бээжинге баруунун жолдорун караштырып жатканын айтты. Бир миллиондой мусулман, негизинен уйгурлар Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган, ал эми активисттер кадимки эле кармоочу жай деп мүнөздөгөн борборлордо кармалып жатканы тууралуу маалымат бар.

6-мартта БУУнун баш кеңсесинде Бачелет адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жасап жатып, Шинжаңдагы туруктуулук жана өнүгүү бийликтин адам укуктарын сыйлоо багытындагы саясатын өнүктүрүүгө жардам берерин белгиледи.

Кытай бийлиги Шинжаңдагы жапырт кармалгандар тууралуу маалымат тарагандан кийин эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. Бээжин муну экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатканы менен түшүндүрөт.

Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күз айларынан баштап чыга баштаган. Казакстандык «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.

XS
SM
MD
LG