Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Ар кимди опузалап акча доолаган кылмыштуу топ кармалганы кабарланууда (видео)


ИИМдин сайтынан алынган видеонун скриншоту.
ИИМдин сайтынан алынган видеонун скриншоту.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн атайын операциянын натыйжасында адамдарды уурдап жана опузалап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

ИИМдин тараткан маалыматка ылайык кылмыштуу топ ири суммадагы акча каражатын талап кылып, ар кимге зомбулук көрсөтүп, кыйнап келген. Алар чет элдик жарандын башына кап кийгизип, опузалап, анын мүлкүнө ээлик кылуу аракетин көрүшкөн. Чет өлкөнүн жараны милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан опузалап талап кылуу, адамды уурдоо, денеге оор залакат келтирүү фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөгө алынган.

Кылмыштуу топтун курамына мурда соттолгондор жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандар бар экендиги белгилүү. Кармалгандардын экөөсү Ысык-Көл облусунун жашоочулары болушат. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (KR)

XS
SM
MD
LG