Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:28

“Коопсуз шаар”: миңге жакын айдоочуга айып салынды


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 6-мартка карата жол эрежесин бузган 955 учур катталып, автоунаанын ээсине жеткирүү үчүн “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, миңге чукул учур бузуу деп табылып, электрондук кол коюлган.

12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Айрым оңдоп-түзөөлөргө байланыштуу 4-мартка чейин катталган 20 миңдей эреже бузуунун айыппулу кечилген. 4-марттан кийин катталган эреже бузуу фактылары боюнча автоунаа ээлеринин даректерине кат-кабарлар жөнөтүлө баштайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG