Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Сулайманов: Чөөлөр резиденцияда ээн-эркин аралап жүрөт (видео)


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов соңку жылдары чөөнүн көбөйүп кеткени тууралуу маселени 7-мартта парламент жыйынында көтөрдү.

Эл өкүлү аңчылардын айткандарына таянып, өлкө аймагында чөөлөр 25 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.

- Бүгүн аябай коркунучтуу абал болуп турат. Талаадагы кыргоол, өрдөк, коёндун баарын кырып бүттү. Малга кол салган учурлар көбөйдү. Чөөлөр элдин арасында, Мамлекеттик резиденциянын ичинде улуп жатканын жогору жакта жашагандар айтып жатат. Алардын улуганын өкмөт башчысы деле угуп жатса керек. Биз эки буттуу чөөлөр менен күрөшөбүз деп төрт аяктууларды унутуп калдык окшойт.

Сулайманов атылган чөөнүн баасын карышкырга теңеп, акча алуудагы бюрократияны жоюуну сунуштады. Маалыматка караганда, карышкырга 6 миң сом, чөөгө 2 миң сом төлөнөт. Өкмөт карышкыр, чөө атууга 6 млн. сом бөлсө, жарандар алардан 50 млн. сомдук чыгым тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG