Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Э.Ч. аттуу судьясына жана соттун башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечиминин негизинде козголгон. Алар 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылууга айыпталууда. Мындан сырткары мас абалында автоунаа башкаргандар үчүн айыппул катары төлөнүүчү 4 млн. 711 миң сомду алдамчылык жол менен кымырып алууга шек саналып жатышат.

Аталган иш тергөө жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG