Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин ишин карай баштады. Буга чейин сот отурумдары төрт жолу чакырылган күбөлөр жана айыпталуучу тарап келбегени үчүн жылдырылган.
Сот жараяны биринчи жолу былтыр 21-декабрдан быйылкы жылдын 9-январына жылган. Анда милиция кызматкерлери сурак беришкен. Кийин 11-февралга белгиленген процесс күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу 15-февралга калган. 15-февралдагы отурумду сот 1-мартка жылдырган. Ал отурумда сот келерки жараянда күбөлөргө милдеттүү түрдө катыштырууну буюрган.
Башка линиядагы сот иши боюнча, 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул боюнча 27-февралда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. (AiA/KR)