Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Ооган баш калаасында бир нече жардыруу болду


Ооган полициясы жардыруу болгон жерде, 16-август, 2018-жыл.
Ооган полициясы жардыруу болгон жерде, 16-август, 2018-жыл.

7-мартта Ооганстандын борбору Кабулда шииттердин лидери Абдул Али Мазаринин ашына чогулган жерде жардыруулардын үнү угулду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими “Азаттыктын” ооган кызматына жардыруулар Кабулдун батыш тарабындагы райондо болгонун гана билдирип, башка маалымат айта алган жок.

Чогулгандардын арасында жогорку кызматтагы ооган аткаминерлери, өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла, тышкы иштер министри Салахуддин Раббани, экс-президент Хамид Карзай, президенттикке талапкер жана мурдагы улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Ханиф Атмар, президенттикке талапкер Латиф Педрам жана хазарлардын лидери Мохаммад Мохакик да бар эле.

Ханиф Атмардын жан сакчысы жарадар экени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG