Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Кыдыралиева депутат Сагындык Келдибаевдин үстүнөн арыз жазды


Депутат Сагындык Келдибаев жана экс-депутат Ыргал Кадыралиева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева аны менен соттошуп келген депутат Сагындык Келдибаевдин үстүнөн арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу Ленин райондук соттун өкүлү "Азаттыкка" кабарлады.

Соттун жүрүшүндө судья Аида Темирбекова Ыргал Кадыралиеванын арызы канцелярияга түшкөнүн кабарлаган. Арызда Кадыралиева "моралдык зыян тийгизгени үчүн" депутат Келдибаевден 7 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

"Келдибаев өзүнүн депутаттык мандатына таянып, жалган маалымат таратып, мени негизсиз сотко берген. Жалгандан жапа чеккен жана аброюма шек келген адам катары мен моралдык зыян тартканым үчүн андан 7 млн. сом өндүрүп берүүнү жана ал акчаны балдар үйүнө которууну суранам" деп жазылган арызда.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны "жалган маалымат таратты, кадыр-баркыма шек келтирди" деп айыптап, 2018-жылы июнь айында сотко кайрылган. Ал Кадыралиевадан жети миллион сом талап кылган. Кадыралиева өз айткандарын сотто далилдей аларын билдирген.

Келдибаев менен Кадыралиеванын үй-бүлөлүк араздашуусу, соттошуусу 2014-жылы башталган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG