АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Былтыр Виржиния штатынын Чыгыш округдук соту 70 жаштагы Манафортко Мюллердин иликтөөсүнүн негизинде сегиз финансылык кылмыш боюнча айып таккан. АКШда эки жылдан бери атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү болгон-болбогонун иликтеп жатат.
15-февралда Мюллердин кеңсеси Манафортту 19,5 жылдан 24 жылга чейин жазага туртууга макулдугун билдирген.
1-мартта Манафорттун адвокаты айыпталуучуга чегериле турган жаза мөөнөтүн “аша чапкандык” деп, тескерисинче аны азайтууга чакырды.
25-февралда адвокаттар Вашингтондун федералдык сотунан Манафорт күнөөсүн мойнуна алган иштер боюнча ага берилчү жазаны азайтууну өтүнүшкөн.
Президент Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти" деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт.