Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Манафорт жаңы айыпка кабылды


Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

Кошмо Штаттарда атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту "тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашууну бузган жана калп айткан" деп айыптоодо.

Манафорт ага коюлуп жаткан жаңы дооматтарды адвокаты аркылуу четке какты. Атайын прокурордун суроолоруна жакында президент Дональд Трамп өзү да жооп берген эле. Ал арада Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси абакта жаза мөөнөтүн өтөй баштады. Ал тергөөчүлөргө калп айтканын моюнга алган.

Кошмо Штаттарда ФБРдин мурдагы директору, азыр атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ президент Дональд Трамптын 2016-жылдагы шайлоо штабынын Орусия менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөлөрүн улантууда.

2016-жылдагы өнөктүк убагында Трамптын шайлоо штабын алгач бир нече ай башкарган Пол Манафорт болсо азыр абакта олтурат. Быйыл сентябрда жарыялангандай, Манафорт эки иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен макулдашууга да барган.

Ал макулдашууга ылайык, Манафорт эгер атайын прокурорлорго Орусия боюнча иликтөөдө “олуттуу жардам” көргөзсө, тергөөчүлөр соттон анын жаза мөөнөтүн кыскартууну суранышмак.

Америкалык медиада атайын прокурор өзгөчө президент Дональд Трамптын уулунун 2016-жылдын июнунда бир катар орусиялык менен жолугушуусунун чоо-жайына кызыгып жатканы сөз болгон.

Эми болсо Роберт Мюллердин тобу сотко жөнөтүлгөн жаңы маалыматта Манафорт тергөө менен чынчыл кызматташууга көнгөн соң “бир нече маселеде” калп айтуу аркылуу “федералдык кылмыш кылганын” кабарлаган.

Тергөөчүлөр ошондой эле “айыпкердин кылмышынын мүнөзү жана калп айтканы тууралуу” сотко кең-кесири кат жүзүндө маалымат бере турганын да кошумчалашкан.

Бирок Манафорт калп айтканы тууралуу жаңы дооматтарды адвокаттары аркылуу дароо эле четке какты. Мюллердин тергөөчүлөрү менен кездешкенде ал “туура маалымат бергем” деген ишенимде турганын белгиледи.

Жакында атайын прокурордун суроолоруна жазуу жүзүндө президент Дональд Трамп өзү да жооп берген.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Мен туура жоопторду жаздым. Менин адвокаттарым жазган жок, мен өзүм жаздым. Мага бир нече суроолорду жөнөтүштү, мен аларга абдан жеңил жооп бердим. Мен бул суроолорго мурда эле такай жооп берип жүргөм, - деген эле Трамп 16-ноябрда Ак үйдөн кабарчыларга сүйлөп жатканда.

Эми “Трамптын 2016-жылдагы шайлоо штабынын алгачкы башчысы тергөө менен түзгөн келишимин бузду” деген билдирүүлөр чыкты. Ушундан улам “Манафорт балким акыр аягында абактан президенттин кечирими менен бошонуш үчүн Трамптын пайдасына иштеп, шайлоо штабынын калган адамдарын коргоону көздөп калдыбы?” деген пикирлер жаралды.

Абакта быйыл сентябрдан бери олтурган Манафорт ал кезде АКШга каршы жана сот адилеттигине жолтоо кылыш үчүн кутумга барганын моюнга алган. Америкалык мыйзамдар боюнча ал бул күнөөсү үчүн беш жылга, ал эми “салыктан качкан” деген айып менен дагы он жылга кесилип кетиши мүмкүн. Манафортко буга чейин коюлган айыптардын баары ал Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке жана анын партиясына сүрөөнчүлүк кызмат көргөзгөн учур менен байланыштуу. Ага эми атайын прокурордун тобу башка айыптарды коюшу да мүмкүн.

Мурдагы кеңешчинин абак жазасы

Ал арада президент Дональд Трамптын 2016-жылкы шайлоо штабында тышкы саясат боюнча кеңешчилик кылган Жорж Пападопулос 26-ноябрда эки жумалык жаза мөөнөтүн өтөй баштады. Ал ФБРге орусиялыктар менен байланыштары тууралуу калп айтканын моюнга алган соң быйыл сентябрда соттолгон.

Дал ушул Пападопулостун шайлоо өнөктүгүндөгү орусиялыктар жана орусиялык ортомчулар менен карым-катышы АКШнын шайлоосундагы Орусиянын изи боюнча иликтөө башталуусун шарттады деп эсептелип жүрөт.

Жорж Пападопулос
Жорж Пападопулос

Президент Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти" деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт.

Быйыл ноябрдагы шайлоонун натыйжасында Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы көзөмөл Демократиялык партияга өттү. Ошондуктан Орусия АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкени жана Трамптын шайлоо учурундагы штабы менен Москванын болжолдуу байланыштары тууралуу иликтөөлөр кайра күч алгыдай кырдаал түзүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG