Швецияда теракт даярдоого айыпталган Өзбекстандын жараны Бахтиёр Умаров менен Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев сот өкүмү чыкканга чейин камактан бошотулду.
Мындай чечимди Стокгольмдун четиндеги Сольна шаардык соту 5-мартта кабыл алды. Умаров, Абдуллаев менен дагы төрт өзбек жаранына "террорчулукту каржылоо", "теракт даярдоого" байланыштуу кине коюлган. Сот иши быйыл 7-январда башталган.
Умаров менен Абдуллаевдин бошотулганы аларга коюлган "теракт даярдоо" кинеси алынышы мүмкүндүгүнөн кабар берет. Сот өкүмү 8-мартта чыгышы керек.
Швециянын полициясы Бахтиёр Умаров, Фарход Ташмухаммедов жана Атабек Умаровду 2018-жылдын 31-мартында кармаган. Алардан кийин дагы үч өзбекстандык - Акромжон Эргашев, Гулям Турдиев жана Шоахмад Махмудов кармалган. Алар Швецияда мыйзамдуу жүргөнү аныкталган.
Буга чейин шектүүлөр 2017-жылы Стокгольмдун борборунда жүк ташуучу автоунаа менен кишилерди тебелетип кеткен өзбекстандык дагы бир жаран Рахмат Акилов менен байланышы бардыгы айтылган. Акилов 2018-жылдын июлунда өмүр бою эркинен ажыратылган.
Атабек Абдуллаев Ош облусунун Араван районунун тургуну экени аныкталган. Анын ата-энеси "Азаттыкка" уулунун террордук актыларды уюштурууга тиешеси жок экенин айтышты.