Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Оштун мэри жакшы иштебеген жетекчилерди зекиди


"Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоорунун презентациясы. 7-март, 2019-жыл.
"Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоорунун презентациясы. 7-март, 2019-жыл.

Таалайбек Сарыбашов өкмөт тарабынан жарыяланган үч айлык өнөктүк тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатканы үчүн квартал башчыларын зекип, аларды иштебей жатасыңар деп айыптады.

Мэр аларды айлана-чөйрөнү тазалап, жашылдандыруу боюнча ар бир кожолук, ишкерлер менен бирден сүйлөшүп, иштетүүнү буйруду. "Негизги көңүлдү курулуштарга бургула, анткени алардан чыккан таштандылар экологиялык нормаларды жана эрежелерди бузат. Ким иштебесе, ал иштен кетет!" деди. Мындан тышкары ал мамлекеттик мекеме жетекчилеринен да ишканалардын айланасын тазалап, жашылдандырууну талап кылды.

7-мартта Ош мэриясында тиешелүү жетекчилердин катышуусунда жыйын болгон. Анда шаарды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык өнөктүктүн жүрүшү жана Ош шаарынын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгонуна байланыштуу быйыл өтүүчү иш-чараларга даярдык тууралуу маселелер каралды. Экинчи маселе боюнча мэр борбордук көчөлөрдү жарыктандырууну, жолдорду оңдоону, башкысы "Сулайман Тоо" этно-шаарчасын жакшыртууну буйруду.

Ош шаары 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган. Мындай чечим 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда кабыл алынган.

Чечим кабыл алууда Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалганы, шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргени жана башка жагдайлар эске алынган.

Буга чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казан шаарын жана башка шаарларды "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялаган. (MdN)

XS
SM
MD
LG