Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Бекболот Талгарбеков абактан чыкты


Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

"Элдик парламент" деп аталган коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын уулу Арстан Талгарбеков кабарлады.

- Талгарбеков кечээ кечинде саат 11де бошотулду. Ал шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Азыр үйдө. 

Талгарбеков 299-берене боюнча беш жылга кесилип, анын 4,5 жылын абакта өткөрдү. Калган 1,5 жылын эми ал шарттуу түрдө абактан сырткары өткөрөт. 

2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту ​"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан жаза мөөнөтүн берген.

Быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн 9 жылга кыскартып, 5 жыл болуп белгиленген. Соттун чечими чыкканга чейинки убактылуу кармоочу жайда отурганы жана буга чейинки отурганы эсептелгенде саясатчынын мөөнөтү быйыл бүтөт. (KR)

 

XS
SM
MD
LG