Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

АКШ Иранга санкция салууну өтүндү


Ирандын мамлекеттик телеканалы тараткан сүрөт.
Ирандын мамлекеттик телеканалы тараткан сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен Иранга санкция салууну өтүндү. АКШ мындай өтүнүчүн Ирандын жакында эле жүзөгө ашырган баллистикалык ракеталарынын сыноосунан кийин киргизди.

АКШнын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Жонатан Коэн 7-мартта Ирандын "туруксуздукка себеп болгон" иш-аракетин сындап, баш катчы Антонио Гуттерешке кат жөнөткөн. Катында Коэн расмий Тегеранды өзөктүк курал жеткире ала турган ракеталарынын сыноосуна байланышкан бардык амалдардан тез арада баш тартууга чакырган.

АКШөзүнүн катында Бириккен Улуттар Уюмунун 2015-жылкы резолюциясын эске салган. Анда Иран алдыдагы сегиз жылдын ичинде эч кандай ракеталык сыноолорду өткөрбөөгө милдеттендирилген. (KR)

XS
SM
MD
LG