Америкалык ишкер Илон Масктын "SpaceX" компаниясы иштеп чыккан "Crew Dragon" корабли беш күндүк биргелешкен учуудан кийин Эл аралык космос станциясынан бөлүндү.
Илон Масктын компаниясы бул кораблди Эл аралык космос станциясына астронавттарды жеткирүү максатында иштеп чыккан. NASA билдиргендей, кеме Канаверал кысыгынан 390 чакырым алыстыкта, Флориданын жээктерине жакын жерге конот деп күтүлүүдө.
«Crew Dragon» кемеси 2-мартта АКШнын Канаверал кысыгындагы космодромдон абага көтөрүлүп, 3-мартта Орбитадагы Эл аралык космос станциясына барып конгон. Кеме орбитада бир жума болуп, кайра Жерге кайтып келери максат кылынган.
Бул – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме.