Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

Канада премьери Жастин Трюдо ката кетиргенин моюнга алды


Жастин Трюдо.
Жастин Трюдо.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо өлкөнү толкуткан саясий кризисти жөнгө салууда ката кетиргенин билдирди.

Ал ошол эле маалда министрлер эч кандай мыйзамсыз иш жасабаганын айтты.

Февралда өлкөнүн башкы прокурору министрлер кабинетинин он бир мүчөсүн коррупцияга айыптаган.

Прокуратура Ливияда келишимге жетишүү үчүн пара берүүгө айыпталган "SNC-Lavalin" компаниясын аткаминерлер «кылмыш жообуна тартпоого чакырган" деген жүйө келтирип жатат.

Премьер-министр Жастин Трюдо "SNC-Lavalin" 9 миң канадалыкка иш берерин, миңдеген адам жумушсуз калуу тобокелчилигинде турганын, ошол эле учурда компания олуттуу айыпка туш болгонун белгиледи. Маселени бир жаңсыл кылуу бийликке кыйын болуп турганын жашырган жок.

Прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин премьердин жеке жардамчысы, ошондой эле таасирдүү министр – Казыналык кеңештин президенти кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG