Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

CPJ: түрмөдөгү 251 журналисттин отуз үчү аялдар


Журналисттердин цензурага каршы акциясы.
Журналисттердин цензурага каршы акциясы.

8-март - аялдардын эл аралык күнүнө карата Журналисттерди коргоо комитети ("CPJ") дүйнө жүзү боюнча кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрмөгө кесилген журналист аялдарды тизмектеди. Комитеттин 8-марттагы билдирүүсүндө, былтыр декабрдагы маалымат боюнча ар кайсы мамлекеттерде түрмөдө отурган 251 журналисттин кеминде 33үн аялдар түзөт.

Маалыматка караганда, алардын бири түркиялык кабарчы жана сүрөтчү Зехра Доган "мамлекетке кыянаттык кылган" деген айыптын негизинде жазасын өтөп бүтүп, өткөн айда абактан бошотулган.

Түркия журналисттер көп камалган өлкөлөрдүн бири. Азыр түрк абактарында 68 журналист бар болсо, алардын он төртү аялдар.

Түркиялык журналист Хатиже Думан тыюу салынган комунисттик партияга мүчө деген кине менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Журналисттерди коргоо комитети Хатиже Думанга коюлган айыптар негизсиз деп эсептейт.

Ал эми Кытайда жети аял-журналист темир торго камалган. Алардын үчөө Шинжаң-уйгур автоном районундагы уйгурлардын оор абалы тууралуу жазып жүргөн.

Сауд Арабиясында падышалыктын аялдардын машине айдашына тыюу салган чечимин сындаганы үчүн төрт аял-журналист камакка алынган.

Израилде өкмөттү, Палестин автономиясын, радикал жөөт топторун сынга алган эки блоггер-айым түрмөдө.

Журналисттерди камоо тажрыйбасынан Вьетнам да кур эмес. Бул өлкөдө эки журналист аял "мамлекетке каршы пропаганда" айыбы менен абакта отурушат. Египетте эки фото кабарчы "мамлекетке каршы жана жалган маалымат тараткан" деген айып менен эркинен ажыратылган.

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен блогер Таль аль-Маллохи 2009-жылдан бери камакта.

Журналисттерди коргоо комитети дүйнө жүзүндө түрмөгө кесилген журналист аялдар мазактоого, сексуалдык зомбулукка жана кыйноого кабылып жатканын маалымдады.

Журналисттерди коргоо комитети - Committee to Protect Journalists (CPJ) — баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык бейөкмөт уюм. Комитет маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо менен алектенет.

XS
SM
MD
LG