8-мартта Стамбул Техника университети уюштурулган симпозиумда Түркиядагы мигрант аялдардын көйгөйлөрү талкууланды.
"Азаттыктын" Стамбулдагы кабарчысы билдиргендей, жыйында кыргызстандык мигрант аялдардын абалы, маселелери жана жетишкендиктери камтылган презентация чоң кызыгуу жаратты. Түркияда жашап-иштеп жаткан кыргызстандык аялдар тууралуу катышуучуларга маалымат берилди.
Университеттин мугалимдери, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү жана активисттер катышкан симпозиум 9-мартка чейин уланат.
2018-жылы Түркияда 30 миңге жакын кыргызстандык катталган. Алардын тогуз миңге жакыны гана расмий эмгек визасы менен иштейт. Кыргызстандык мигранттар негизинен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. (ElB)