Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:52

Өзбекстанда аялдар үчүн эмгек эрежелери өзгөрдү


Өзбек аялдары. Иллюстративдик сүрөт.
Өзбек аялдары. Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстанда аялдардын 44 тармакта иштешине тыюу салган эреже 1-майдан тарта күчүн жоготот. Президент 7-март күнү "Кыз-келиндердин эмгек укугуна карата кепилдиктерди күчөтүү жана аялдардын ишкерлигин колдоо" жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Өлкөнүн Эмгек кодексинин 225-беренесине ылайык, жумуш шарты оор жана ыңгайсыз жайларда аялдардын иштешине тыюу салынган. Арасында кен казуу, мунай жана газ чыгаруу, курулуш, монтаж жана башка 44 тармак бар. Эми анын баарына уруксат берилет.

Ошондой эле мамлекет башчы кол койгон мыйзамга ылайык, эркектер деле бала багуу үчүн үч айга декретке чыкса болору, ага кошумча бир айлык акылуу эмгек өргүүсү берилери жазылган. Эки жашка толо элек балдардын ата-энелеринин бирине күнүгө жумуш маалында баласын тамактандыруу үчүн да кошумча танапис берилет. Танапистин убактысын ата-энелер жумуш ээси менен макулдашып, өздөрү аныкташат. (SE)

XS
SM
MD
LG