Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Клара Сооронкулова "Багыт" гезити аны шылдыңдаганын билдирди


Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, "Улуттар биримдиги" партиясынын аткаруу комитетинин катчысы Клара Сооронкулова "Багыт" гезити аны шылдыңдаганын билдирип, эгер мындай абал кайталанса, укук талаасында сүйлөшүүгө туура келерин айтты. Бирок азырынча соттошуу ниети жоктугун белгиледи.

Аталган гезит 6-марттагы санында Сооронкулованы доллар толо ваннада жатканын, жанында "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов турганын коллаж иретинде биринчи бетке жарыялаган.

-"Сооронкулованы Мырзакматов сатып алды",- деген мааниде берип жатышпайбы. Укуктук жактан да, моралдык жактан да мага шек келтирип жатышат.

Сооронкулова саясатчылар, белгилүү кишилер дайыма коомдун назарында болорун, бирок журналисттер да этиканын эрежелеринен аша чаппашы керектигин кошумчалады.

"Азаттык" радиосу азырынча "Багыт" гезитинин жетекчилигинен комментарий ала алган жок. Гезит бетинде көрсөтүлгөн байланыш телефону иштебей жатат.

Клара Сооронкулова аны «Улуттар биримдигине» партия лидери, экс-мэр Мелис Мырзакматов өзү чакырганын «Азаттыкка» ырастаган.(SE)

XS
SM
MD
LG