Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Бишкекте Юрий Гагаринге арналган көргөзмө өтөт


Юрий Гагарин
Юрий Гагарин

Бишкектеги Улуттук китепканада космонавт Юрий Гагариндин 85 жылдыгына арналган көргөзмө өтүп жатат. Аны Орус адабияты жана маданияты борбору уюштурууда. 7-мартта башталган иш-чара 25-мартка чейин уланарын китепкананын басма сөз кызматы кабарлады. 

Көргөзмөдө Гагаринге арналган адабияттар, жакындарынын эскерүү жазуулары, жашоосуна жана ишмердигине арналган сүрөттөр коюлат. 

Советтик учкуч Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байкоңур космодромунан “Восток-1” космос кемеси менен учуп, космосто 108 мүнөт болгон. 

Юрий Гагарин 1934-жылы 9-мартта Смоленск облусунун Гжатск районунун Клушино деген айылында туулган.

 

XS
SM
MD
LG