АКШ президентинин коммуникация жаатындагы кеңешчиси Билл Шайн отставкага кетти. Мындай чечим анын президент Дональд Трамптын 2020-жылдагы шайлоо штабына жумушка өткөнүнө байланыштуу кабыл алынды. Ак үйдүн пресс-катчысы Сара Сандерс билдиргендей, Шайн шайлоо өнөктүгүндө улук кеңешчи болот.
Трамп Шайнды өзүнө жардамчы жана Ак үй аппарат башчысынын орунбасары кылып, 2018-жылдын июлунда дайындаган. Билл Шайн сексуалдык ыдык көрсөтүүгө байланыштуу ызы-чуудан улам "Fox" телеканалынан кеткенден соң бир жылдан кийин Ак үйдө иштей баштаган.
Даттангандар Шайн өзү туздөн-түз сексуалдык ыдык көрсөтпөгөнүн билдиришкен. Бирок бул окуя тууралуу билсе да, каналдын теңтөрагасы катары чара көрбөгөнү үчүн айыпташкан.