Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

"Симпсондор” тасмасынын Майкл Жексон үн коштогон сериялары прокаттан алынды


Майкл Жексон, 1993-жылы тартылган сүрөт.
Майкл Жексон, 1993-жылы тартылган сүрөт.

"Симпсондор” деп аталган көп сериялуу анимациялык фильмдин Майкл Жексон үн коштогон бөлүмдөрү прокаттан алынды. Бул тууралуу "Vulture" басылмасы жазды.

НВО телеканалында Майкл Жексондун балдарга ыдык көрсөткөнү тууралуу "Неверлендди таштап" деп аталган даректүү фильм кеткенден кийин ушундай чечим кабыл алынган.

Анын алдында Канада менен Жаңы Зеланиядагы бир катар радиостанциялар Жексондун ырларын эфирден алып салышкан.

Америкалык ырчы Майкл Жексон дүйнөдөгү эң ийгиликтүү артист катары сыпатталат. Ал 25 жолу "Гиннес рекорддору" китебине кирген. Он беш жолу "Гремми" сыйлыгын алган. 2009-жылы кайтыш болгон.

XS
SM
MD
LG