Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Советтик актер Владимир Этуш дүйнө салды

Владимир Этуш, 2008-жылы алынган сүрөт.
Владимир Этуш, 2008-жылы алынган сүрөт.

СССР кезинде таанылган орусиялык актер Владимир Этуш 97 жашында Москвада дүйнө салды.

"Театрал" журналынын сайты 9-мартта тараткан кабарга ылайык, ал ооруканалардын биринде жашоо менен кош айтышты. 

Владимир Этуш 1922-жылы Москвада төрөлгөн. Экинчи Дүйнөлүк согушка өз ыктыяры менен катышкан. 1943-жылы оор жараат менен кайткан. 

1945-жылы театралдык окуу жайды аяктап, актерлук ишмердигин баштаган. Аны күйөрмандары "Адмирал Ушаков", "Кавказ туткуну", "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" сыяктуу белгилүү кинолордон улам жакшы билишет. 

XS
SM
MD
LG