Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Мексикада клубга жасалган чабуулда 15 адам өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мексиканын Гуанохуато штатындагы түнкү клубдардын бирине куралдуу чабуул болуп, бери дегенде 15 адам өлдү, жети киши жараат алды.

"Reuters" агенттиги билдиргендей, ишемби күнү үч автоунаада келген куралчан топ "La Playa Men’s Club" имаратына бастырып кирип, чогулгандарды аткылай баштаган.

Анын алдында Мексика президенти Андрес Мануэл Лопес Обрадор "Эл Маро" деп аталган кылмыштуу топтун жергиликтүү лидерин кармоо үчүн полиция операция баштаганын айткан.

Расмий маалыматтарга караганда, Гуанахуато штатында мунай уурдоого байланыштуу зордук-зомбулук күч. Аны менен кошо маңзат соодасы менен алектенген топтор да аймакты көзөмөлгө алгысы келет.

XS
SM
MD
LG