Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Венесуэлада энергетика кризиси 15 адамдын өмүрүн алды


Венесуэлада жарыксыз калган көчөлөрдүн бири
Венесуэлада жарыксыз калган көчөлөрдүн бири

Венесуэладагы энергетика кризисинен ооруканада жаткандардын он беши жашоо менен кош айтышты. "Doctors for Health" уюмунун өкүлдөрү бир катар бейтапканалардагы абалды изилдеп, сурамжылоо жүргүзүштү. "Codevida" деп аталган дагы бир уюмдун эсебинде, жарыктын жоктугуна байланышуу гемодиализге муктаж миңдеген адамдын өмүрү коркунучка кептелди.

Венесуэланын 23 штатынын жарымында жана башкалаа Каракаста электр жарыгы өчүрүлгөнүн жергиликтүү "El Nacional" гезити 7-мартта кабарлаган. Мындай абал ишемби күнү да уланды. Каракаста метро иштебей турат. Шаардын аэропортунда да өчүрүүлөр болгонун "Bloomberg" билдирди.

Венесуэланын маалымат министри Хорхе Родригес жарыктын өчүшүн Боливар штатында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң Гури гидроэлектрстанциясына киберчабуул болгону менен түшүндүргөн.

Легитимдүүлүгү талаш жараткан президент Николас Мадуро бул үчүн АКШны айыптады. "Bloomberg" агенттигинин талдоочулары Венесуэлада электр энергиясы байма-бай өчүп жатканын, мындай кризис инфраструктуранын начарлашына байланыштуу экенин айтышты.

Латын Америкасындагы бул өлкөдө азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт.

Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG