Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Орусияда Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү


Москвадагы акциядан бир көрүнүш
Москвадагы акциядан бир көрүнүш

Москвада Интернет эркиндиги үчүн митингде 29 адам кармалганын иш-чарага көз салган «ОВД-Инфо» көз карандысыз тобу билдирди.

10-мартта Орусиянын бир катар шаарларында миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. «Белый счетчик» бирикмесинин эсебинде Москвадагы акцияга 15 миңден ашуун адам катышты.

Митингдин уюштуруучулары “Орусия – Иран же Түндүк Корея эмес, биз цивилдүү дүйнөнүн бир бөлүгүбүз. Бирок Путиндин бийлиги Батыштан артта калышыбыз үчүн баарын жасоодо. Цензуранын тору турмушубузду дагы терең чырмап баратат. Биз Орусиянын дүйнөлүк желеден обочолонушуна каршыбыз жана эркин Интернетти талап кылабыз” деп билдирүү таратышты.

Орусиянын интернет сегментин изоляциялоону караштырган мыйзам долбоорун 12-февралда Мамлекеттик Дума биринчи окууда кабыл алган. Авторлору "бул чара Батыштын ыктымал киберчабуулдарына каршы аракет, Рунет өзгөчө кырдаалдарда гана дүйнөлүк желеден үзүлөт" деп түшүндүп жатышат.

XS
SM
MD
LG