Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Саясий негизде соттолгондорду актоо жөнүндө талап коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Саясий туткундарды коргоо комитети» аттуу уюм ушундай талап коюуда. Аталган комитеттин мүчөсү, укук коргоочу Сапарбек Аргынбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, уюм бул маселе боюнча 12-мартта Бишкекте жыйын өткөргөнү жатат.

«Биздин комитет саясий туткун катары таанылып, учурда абакта отургандарды эркиндикке чыгаруу боюнча ишин улантат. Бирок аны менен катар абактан чыккандарды мыйзамдуу түрдө актоо маселесин көтөрөт. Себеби алардын көпчүлүгү мурдагы бийлик учурунда мыйзамсыз түрдө соттолгон. Дал ушундай талап менен коомго жана бийликке кайрылалы деп жатабыз», - деди Аргынбаев.

Комитет ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул деп эсептеп жатат. Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Ошол эле айрым күчтөр саясий негизде кесилген деп эсептеген Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров учурда түрмөдө. Бул эки саясатчынын иши күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык апрель айында кайра карала турганы белгилүү болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG