Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Эфиопияда кыйраган учакта 35 өлкөнүн жарандары болгон


Боинг-737 (архивдеги сүрөт)
Боинг-737 (архивдеги сүрөт)

Эфиопияда кулаган учакта Германиянын беш, Орусия, Австрия жана Швециянын үчтөн жараны болгону аныкталды. Словакия Элдик Радасынын депутаты Антон Хрнко бул кырсыкта аялын, кызын жана уулун жоготконун “Фейсбуктагы” барагына жазды.

Учак ээси - "Ethiopian Airlines" авиакомпаниясынын маалыматына караганда, бортто 35 өлкөнүн жарандары, жалпысынан 157 киши бараткан.

"Боинг-737" 10-марттын таңында Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек.

XS
SM
MD
LG