Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

2018-жылы 569 млн. доллар түз инвестиция келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын 12 айында Кыргызстанга 569 млн. 790,5 миң доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келсе, 523 млн. 190,7 миң доллар өлчөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети өткөн жылдын жыйынтыгын толук эсептеп чыккандан кийин билдирди.

Мурдараак кабарлангандай, былтыр алгачкы тогуз айда өлкөгө келген инвестициянын суммасы 345 млн. долларды түзгөн эле. Бул аралыкта 328 млн. доллары чыгып кеткени айтылган.

Быйыл январь айында түз инвестицияларды жана алардын сарпталышын талкуулоо учурунда айрым депутаттар «кирген жана чыккан инвестициянын ортосундагы айырма чоң эмес» экенин белгилеп, «мактанууга себеп жок» деп сынга алышкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы сырттан келген инвестиция 503 миллион долларга жеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG