Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Суракматов: Биз 8-марттагы жүрүшкө уруксат берген эмеспиз


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 8-марттагы маршынын айланасындагы талкуулар, мэриянын аракети тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, калаа администрациясы жөө жүрүшкө уруксат берген эмес, болгону коомдук коопсуздукту гана камсыз кылып берген.

- Алардын бизге берген билдирүүсүндө жөө жүрүш кабарлоо максатында гана өтмөк. Анда эки маселе - гендердик теңдик жана аялдардын укугу көтөрүлмөк. Билдирүүдө «​гей-парад же башка акциялар өтөт» деген сөз болгон эмес. Колонна жүрүп бараткан маалда ушул эле темадагы ураандар айтылып жатты. Болгону бир нече адам чагым кылып жиберди. Мыйзамда «митинг өткөрүүгө уруксат берүү» деген түшүнүк жок, биз аларга уруксат берген жокпуз. Алар болгону бизге кабар беришти, биз алардын коопсуздугун камсыздап бердик. Менин оюмча, бул маселеде Бишкек мэриясы мыйзам чегинде бирден-бир туура чечимди кабыл алды, - деди ал.

Мунун алдында «Кырк чоро» деген аталыш менен таанылган «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп, талаптары жазылган катты мэрияга тапшырды. Уюм 11-марттагы билдирүүсүндө баш калаанын мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылып, 13-мартта Бишкекте митинг жана жөө жүрүш өткөрөрүн кабарлады.

Уюмдун мүчөлөрү «8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосу менен ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду» деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG