Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кубанычбек Өмүралиевди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
59 жаштагы Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп эмгектенип келген.
Былтыр ноябрь айынан бери Кыргызстандын Анкарадагы элчилик кызматы бош турган. Мурдагы элчи Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.
11-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети ошондой эле Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакованын, Германиядагы элчиси Эринес Оторбаевдин жана Сауд Арабиясындагы элчиси Абдилатиф Жумабаевдин аткарган иштери тууралуу отчетун укту. (ErN)