8-мартта Стокгольмдун четиндеги Сольна шаардык соту Швециянын борборунда «теракт уюштуруу» боюнча шек саналган кыргызстандык Атабек Абдуллаевди актады.
Сот өзбекстандык Давид Идриссонду жети жылга, Бахтиёр Умаровду алты айга эркинен ажыратты.
Абдуллаевдин адвокаты Кристофер Старэ «Клооп» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып соттун өкүмүн «күтүлбөгөндөй жеңиш» деп баалады.
5-мартта сот Умаровду жана Абдуллаевди сот өкүмү чыкканга чейин камактан бошоткон.
Швециянын полициясы Бахтиёр Умаров, Фарход Ташмухаммедов жана Атабек Умаровду 2018-жылдын 31-мартында кармаган. Алардан кийин дагы үч өзбекстандык - Акромжон Эргашев, Гулям Турдиев жана Шоахмад Махмудов кармалган. Аларга «террорчулукту каржылоого», «теракт даярдоого» байланыштуу кине коюлган.
Буга чейин шектүүлөрдүн 2017-жылы Стокгольмдун борборунда жүк ташуучу автоунаа менен кишилерди тебелетип кеткен өзбекстандык дагы бир жаран Рахмат Акилов менен байланышы бар экендиги айтылган. Акилов 2018-жылдын июлунда өмүр бою эркинен ажыратылган.
Атабек Абдуллаев Ош облусунун Араван районунун тургуну экени аныкталган. Анын ата-энеси «Азаттыкка» уулунун террордук актыларды уюштурууга тиешеси жок экенин айтышты.