Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Ирандын соту адвокат Насрин Сотудехти эркинен ажыратты


Ирандык укук коргоочу жана адвокат Насрин Сотудех, 18-декабрь, 2013-жыл.

Ирандык маалымат каражаттары укук коргоочу жана таанымал адвокат Насрин Сотудех жети жылга абакка кесилгенин кабарласа, анын күйөөсү жубайы жалпысынан 38 жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

11-мартта Тегерандагы Сакчылар соту ИСНА маалымат агенттигине укук коргоочу “системага каршы аракет кылганы” жана өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеини “кемсинткени” үчүн беш жылга кесилгенин маалымдаган.

Бирок Сотудехтин күйөөсү Реза Хандан "Азаттыктын” Иран кызматына 9-мартта анын аялы 33 жылга кесилгенин жана экинчи айып боюнча 148 жолу балак урулганын билдирди.

Сотудехтин адвокаты Махмуд Бехзади-Рад соттун өкүмү алардын катышуусуз эле чыгып калганын айтты.

Насрин Сотудех өзүнө тагылган айыптын баарын четке каккан.

2012-жылы Европарламент Сахаров атындагы “Ой эркиндиги” сыйлыгын ирандык кинорежиссер Жафар Панахиге жана адвокат Насрин Сотудехке ыйгарган. Сотудех 2010-жылы "өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратты" деп айыпталып, 11 жылга кесилген. Сот ошондой эле ага 20 жыл адвокаттык кесипти аркалабасын деп өкүм чыгарган. Бирок кийинчерек жаза мөөнөтү алты жылга кыскартылып, 10 жылдан кийин адвокаттык ишмердигин улантууга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG