Жыл ичинде активисттер кандуу жаңжалдарда адам укугун коргоо, өкүмзар бийликтер менен репрессивдик мыйзамдарга каршы күрөшүүдө каармандык көргөздү. Демократиялык баалуулуктарды сактоо, адам укуктарын коргоодо талыкпаган активисттердин бейнесин чагылдырган сүрөт баян.
2012: Жылдын мыкты 12 укук коргоочусу
1
Аун Сан Су Чжи - демократиянын символу, оппозициялык лидер, Бирма. Дээрлик 15 жыл үй камакта отуруп, 2010-жылы эркиндикке чыкты. Анын партиясы үстүбүздөгү жылы парламенттик шайлоодо көпчүлүк орунду жеңди. Президент Обама ноябрда Бирмада болгондо, Аун Сан Су Чжинин үйүнө барып жолугушкан. Демократиялык өнүгүүгө кошкон талбас эмгеги үчүн 1991-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.
2
Чэн Гуанчэн - кытайлык көзү азиз активист. Кытайдын демографиялык саясатын сындагандыгы үчүн 4 жылга кесилген Чэн 2012-жылдын апрелинде үй камактан качып чыгып, Бээжиндеги АКШнын элчилигине жашынган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилени катаалдатып, май айында эки кызы, аялы менен АКШга эмиграцияланган.
3
Алес Беляцки - Беларустун оппозициялык лидери. 4 жарым жылга түрмөгө кесилген активисттин үй-мүлкү конфискацияланды. "Весна" укук коргоо борборунун жетекчиси Алес Беляцкини сот салык төлөөдөн баш тарткан деген күнөө менен эркинен ажыратты. 2012-жылдагы Сахаров атындагы сыйлыкка талапкер.
4
Насрин Сотудех - ирандык адвокат 6 жылга түрмөгө кесилген. Таанымал адвокат өлүм жазасына тартылган саясий туткундар, аялдар жана балдарды талыкпай коргогон. Сотудех айымга сот эркиндикке чыккандан кийин 10 жыл кесиби боюнча иштөөгө тыюу салган. 2012-жылдагы Сахаров сыйлыгынын лауреаты.
5
Ай Вейвей - кытайлык белгилүү сүрөтчү жана дизайнер. Эл аралык алкакта таанылган сүрөтчү 2008-жылкы Бээжин олимпиадасынын башкы стадионун жасалгалоого катышкан. Кытай бийлиги
Вейвей салык төлөөдөн качкан деген негизде 3 ай камаган. Кытай өкмөтүнүн сынчысы катары белгилүү сүрөтчүнүн камакка алынышы саясий мүнөздө болгон жана Бээжин 2 жарым миллион доллар салык төлөөнү буюрган.
7
Питер Букерт - «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору, АКШ. Букерт жаңжал баскан аймактарда адам укуктарынын бузулушуна каршы күрөшкөндөрдүн катарында сап башында турат. «Хьюман Райтс Вотч» Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафинин тушундагы массалык адам өлтүрүүлөр боюнча даярдаган баяндамада Питер Букерттин факты-маалыматтарына таянган.
8
Денис Муквеге - дарыгер, Конго. Өмүрүнө кол салуудан кийин сакайып келатат. Гинеколог дарыгар жана Нобел Тынчтык сыйлыгына талапкер Конгодогу жаңжалдарда зордукталган аялдарды дарылаган оорукананын ээси. Октябрь айында куралданган адамдар анын үйүнө чабуул коюп, үй-бүлөсүн коркутуп, кароолчусун өлтүрүп кетишкен. Доктор Муквеге үй бүлөсү менен кол салуудан кийин чет өлкөдө дарыланууда.
9
Владимир Козлов - оппозициялык саясатчы, Казахстан. Октябрда катталбаган “Алга” партиясынын лидери Козлов Жаңы-Өзөн шаарында былтыр болгон тополоңго тиешеси бар деп, 7 жарым жылга кесилген. Эл аралык коомчулук анын түрмөгө кесилишин катуу айыптап, "Хьюман Райтс Вотч" уюму Козловду Казахстандагы "сөз эркиндиги жана саясий плюрализмдин көкжалы"деп атаган.
10
Малала Юсуфзай - кыздарды билим алууга үндөгөн активист, Пакистан. Ооруканада сакайып келатат. 14 жаштагы окуучу кыз балдар укугу жана кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн. Октябрь айында Пакистандын Сват өрөөнүндө талиптер Малала мектептен келатканда башка, моюнга атышкан. Учурда Британияда ооруканада дарыланууда.
11
Идрак Аббасов - журналист, Азербайжан. СОКАР энергетика ишканасынын 20дай коопсуздук кызматкерлери тарабынан сабалгандан кийин ооруканага түшкөн. ЕККУ кол салууну айыптаган. "Зеркало" гезитинде иштеген Аббасов Азербайжандагы Кабарчылардын эркиндиги жана коопсуздугу уюмунун негиздөөчү-мүчөсү. Март айында "Коррупциялык индекс" деп аталган өнөктүк тобу сыйлык ыйгарган.